Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

Бир жылда Кыргызстанга жети миллион чет өлкөлүк келип кетти


Сүрөт жөө туризмди колдоо биримдигине таандык.
Сүрөт жөө туризмди колдоо биримдигине таандык.

2018-жылы Кыргызстанга келип кеткен чет өлкөлүктөрдүн жалпы саны жети миллионго жеткен.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди:

- Бүткүл дүйнөлүк туризм уюмунун маалыматы боюнча, 7 миллионго жакын адам келген. Быйыл да андан аз эмес болот деп жатабыз. 2012-жылдан бери визасыз тартип иштеп жатат. Быйыл анын мөөнөтү 2025-жылга чейин узартылды. Учурда 52 мамлекет менен визасыз каттам келишим бар.

Дамир уулунун айтымында, былтыр туристтерди кабыл алуудан түшкөн каражат 450 миллион сом болгон.

Быйылкы жылы дагы 20-30 миллионго көбүрөөк болору болжолдонууда. (AsM)

XS
SM
MD
LG