Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:06

"Азаттыктын" өзбек кызматынын кабарчысынын мүлкү боюнча сот чечими өзгөрдү


Өзбекстандын Жогорку соту.
Өзбекстандын Жогорку соту.

Өзбекстандын Жогорку соту журналисттер Гайрат жана Шухрат Бабажановдордун үйүн мамлекетке чегерүү тууралуу чечимди жокко чыгарды.

“Азаттык” радиосу менен кызматташкан эки журналист чет өлкөдө жашоого мажбур экенин айтышкан. 2018-жылы төмөнкү инстанциядагы сот алардын кыймылсыз мүлкүн ээси жок деп таап, райондук администрациянын карамагына өткөрүү чечимин чыгарган.

Адвокаттын айтымында, Жогорку сот ал мүлктүн ээси Бабажановдор экенин тааныды. Мындай чечим райондук бийликтин каршылыгына карабастан кабыл алынды.

Өзбекстанда 2016-жылы президент Ислам Каримовдун көзү өткөндөн кийин бийликтин басымы азайып, жарандарга саясий жана экономикалык эркиндик көбүрөөк бериле баштаганын талдоочулар айтып келишет.

Жакында бир катар чет өлкөлүк жана укук коргоо уюмдарынын сайттары көрүнө баштады. Аларын арасында "Америка үнү", BBCнин өзбек кызматы жана Human Rights Watch бар. Бирок “Азаттык” радиосунун сайты бул өлкөдө дагы эле тосмолонуп турат. (RK)

XS
SM
MD
LG