Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

"Ак-Тилекте" 50дөй жүк ташуучу машине топтолуп турат


"Ак-Тилек" чек ара бекетинде казак тарапка кезек күтүп турган автоунаалар. 10-апрель, 2019-жыл.
"Ак-Тилек" чек ара бекетинде казак тарапка кезек күтүп турган автоунаалар. 10-апрель, 2019-жыл.

Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү пунктундагы жүк ташуучу автоунаалардын топтолушу тууралуу “Азаттыкка” маалымат берди.

Мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын белгилешинче, казак тарап көзөмөлдүн бир канча түрүн аткарып жатканына байланыштуу автоунаалардын кезеги узарып кеткен.

19-майдын кечиндеги маалымат боюнча, аталган пунктта кезек күткөн машинанын саны 50гө чукулдаган.

Казак тараптан да бери жакка ошондой эле текшерүү менен өткөрүлүп жатат. Машиналар Кыргызстан тараптан тоскоолдуксуз өтүүдө.

Буга чейин Интернетке “Ак-Тилекте" кезектен улам айдоочулар менен чек арачылар ортосунда пикир келишпестик пайда болгону тууралуу видео тараган.

Бөрүбаева окуя Казакстандын аймагында болгонун белгилеп жатат.

Казакстан кыргыз-казак чек арасында 19-марттан бери эл керектөөчү товарлар жүктөлгөн автоунааларды текшерүүнү күчөтүп, жүк ташуучу автоунаадагы товарды катуу текшерүүнүн натыйжасында “Ак-Тилек” чек ара өткөрмөсүндө топтолуп кеткен автоунаалардын саны 250дөн ашып кеткен.

Кыргыз тарап чек арадагы кошумча текшерүүлөр Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) ченемдерин бузуп, товарларды эркин алып өтүү принцибине каршы келерин билдирген.

Абал эки өлкө өкмөт башчыларынын сүйлөшүүсүнөн кийинки макулдашуудан кийин жеңилдеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG