Кыргызстандык режиссер Караш Жанышовдун «Кош бол» аттуу фильми Грузиянын Батуми шаарында өткөн эл аралык сынакта үчүнчү орунду алды. Батумиде 13-20-майда жаш кинематографисттердин "Шериктештик" эл аралык мектеби уюштурулган.
Анын алкагында сынак, лекция, мастер-класстар өткөрүлгөн. Жалпысынан КМШга мүчө он төрт өлкөдөн 25 фильм көрүүчүлөрдүн сынына коюлган. Анын ичинде Кыргызстандын атынан режиссерлор Чолпонай Бөрүбаева «Дуэль», Караш Жанышов «Кош бол», Евгений Чистяков «Таш-Көмүр» деген эмгектери менен катышкан.
Караш Жанышов 24 жашта. Анын «Кош бол» аттуу кыска метраждуу тасмасы буга чейин Германияда өткөн «Oberhausen» эл аралык фестивалында атайын сыйлыкка татыган. Жакынкы күндөрү Москвада өтүүчү "Алтын бешилтик" кинофестивалына катышат.
Артыкпай Сүйүндүков көркөм жетекчи болгон фильм Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин базасында «Айтыш фильм» киностудиясынын техникалык колдоосу менен тартылган. Анда балдар үйүндө тарбияланган жеткинчектер, алардын жашоо-турмушу чагылдырылган. (NT)