Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:22

ЖЭБ соту: жабырлануучу тарап суралат


Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана анын жактоочусу Замир Жоошев.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана анын жактоочусу Замир Жоошев.

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча соттук териштирүү уланат.

Айыпталуучу Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча бүгүн жабырлануучу катары Финансы министрлигинин өкүлү суралат.

- «Эксимбанк» 386 млн. долларды түздөн-түз ТВЕА компаниясына жиберген, - деди ал. - Акча бул жакка келген же бирөөгө берген деген эч кандай далил жок. Зыян келтиргени, акча алганы тууралуу далил жок. Текебаевге да акчаны берген далил жок, жөн эле сөзгө таянып соттоп салышты. Бул жерде да ушундай болуп жатат. Финминдин өкүлүнөн ушунун баарын сурайбыз. Экспертизаларды, зыянды түшүндүрүп берсин.

16-майдагы соттук териштирүүдө жабырлануучу тараптын – «Электр станциялары» ишканасынын өкүлүнүн күбөсү Руслан Байдинов көрсөтмө берген. Бирок ал айыпталуучулардын адвокаттары берген суроолордун көпчүлүгүнө жооп бере алган эмес.

ЖЭБди оңдоп-түзөө иши боюнча мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы министр Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, финансы министри Ольга Лаврова, Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Салайдин Авазов, Бишкек ЖЭБинин мурдагы жетекчилери Жолдошбек Назаров жана Темирлан Бримкулов айыпталууда.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча кылмыш ишин кароо Бишкектин Свердлов райондук сотунда 18-февралда башталган.

Айыпталуучулар өздөрүнүн күнөөсүз экенин айтып жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG