Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

Айлана-чөйрө агенттиги: Ысык-Көлдө суу булганган эмес


Ысык-Көлдүн түбү.
Ысык-Көлдүн түбү.

Өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги Ысык-Көлдө сууга мониторинг жүргүздү. Мекеменин маалыматына караганда, көлдүн ар кайсы жерлеринен суунун сапатын аныктоо боюнча химиялык анализдер алынды. Анын жыйынтыгында, суунун сапаты бардык эрежелерге жооп берет деп табылды.

Негизинен Бостери айылындагы «Алтын кум», «Кыргызское взморье», «Аврора» санаторийлеринен, Григорьевка, Түп, Барскоон, Тамга, Кажы-Сай, Тоң, Кош-Көл, Тамчы жана башка айылдарда жалпы 20 жерден суунун үлгүлөрү текшерилди.

Аталган мекеме Ысык-Көлдө суунун үлгүсү жылына үч жолу алынып, эл аралык стандарттарга дал келген лабораторияларда текшерилип турарын билдирди. (NT)

XS
SM
MD
LG