Ооганстандын Газни провинциясында жанкечтинин машинеси жарылып, бери деген үч адам мүрт кетип, ондон ашык киши жарадар болду. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, полиция өткөрмө бекеттен токтобой, катуу ылдамдыкта бараткан, ичи жардыруучу заттарга толгон машинеге ок ачкан. Ошол замат машине жарылып кеткен.
Мерт болгондордун арасында эки полиция кызматкери жана бир бала бар.
Шаардык оорукананын башчысы Баз Мухаммед Хемат, жардыруудан бери дегенде 15 киши курман болгонун айтты.
Газни провинциясынын губернаторунун өкүлү Ариф Нури талибдер чабуулга даярданып жатканы тууралуу маалымат түшкөнүн айтты.
Газни провинциясындагы ири райондор талибдердин көзөмөлүндө турат.