Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Сүлүктүдө көмүр өндүрүүнү көбөйтүүгө 1,5 млн. доллар инвестиция тартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү «Азаттыкка» билдиргендей, «Сүлүктү» ачык акционердик коому 2019-жылы Кытайдан 1,5 млн. доллардык инвестиция тартууга жетишти. Буга чейин аталган ишкана жылына 20 миң тонна көмүр өндүрүп, 50 кишини жумуш менен камсыз кылып турган. Эми ишкана техникасын толук жаңылап, көмүр шахтасын кеңейтип, көмүр өндүрүүнүн көлөмүн 60 миң тоннага жеткирүүнү пландап жатат. Учурда ишканада инвестициянын алкагында жумуштар башталып, алгачкы техникалык каражаттар алынып келди.

Сүлүктү шаарында бүгүнкү күндө 31 көмүр ишканасы иш жүргүзөт. Былтыр алар 126 миң тонна көмүр өндүрүүгө жетишкен. Облус калкынын көмүргө болгон муктаждыгы 70 миң тоннадай экени айтылып жүрөт. Бирок кыш учурунда көмүр тартыш болуп, кымбаттап, жергиликтүү бийлик бааны көзөмөлдөш үчүн көмүр базарларын ачат. (JsA)

XS
SM
MD
LG