Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Сомалиде жанкечтинин кол салуусу тогуз кишинин өмүрүн алды


Сомалидеги чабуул.
Сомалидеги чабуул.

Сомалинин баш калаасы Могадишодо жанкечтинин машинеси жарылып, бери дегенде тогуз киши мүрт кетти. Алардын арасында мурдагы тышкы иштер министри Хусейн Элабэ Фахие да бар.

«Аш-Шабааб» террордук тобунун согушкеринин кол салуусунан дагы 13 киши жарадар болду. Террордук топ кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, чабуул аткаминерлер бараткан машинеге багытталганын билдирди.

Жардыруу президенттик резиденциянын алдындагы өткөрмө бекетте болгон. Ошол маалда күч кызматкерлери негизги жолдогу машинелерди текшерип жатышкан.

«Аль-Кайида» менен байланышы бар «Аш-Шабааб» президенттик резиденцияга жана аткаминерлер, чет өлкөлүктөр көп токтогон мейманканаларга чабуул коюп жүрөт.

Сомалинин Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) элчиси Абукар Дахир Осман «Биз эл аралык терроризм менен күрөшүү ниетибизден кайтпайбыз» деп айтты.

«Аш-Шабааб» тобунун согушкерлери 2011-жылы өлкөдөн чыгарылган. Бирок бул террордук топ элет жерин көзөмөлдөп келатат.

XS
SM
MD
LG