Линктер

бейшемби, 20-июнь, 2019 Бишкек убактысы 10:58

Жамашева: Батукаевдин бошотулушуна тиешем жок


Феруза Жамашева.

Бул тууралуу Жогору соттун мурдагы төрайымы Феруза Жамашева «Азаттыкка» 24-майда билдирди. Ал Батукаевдин ишине эч кандай тиешеси жок экенин, мындан кабары болбогонун айтып, бул иш боюнча учурда тергөө жүрүп жаткандыктан комментарий бербей турганын кошумчалады:

- Мен бул ишке эч киришкен эмесмин. Мен бул ишке киришпесем, кандай моралдык жоопкерчилигим болушу мүмкүн? Мен өзүмө ишенем, бул ишке тиешем жок экенине ишенем.

Феруза Жамашева 2012-15-жылдары Жогорку соттун төрайымы болуп иштеген.

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотулушуна байланышкан кылмыш иши быйыл жыл башында жанданган. Анын алкагында ошол кездеги бир катар жогорку кызматта иштегендер, кримтөбөлгө «айыккыс илдеттен жабыркайт» деген диагноз койгон деген шек менен беш дарыгер кармалган. Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. ЖАМКтын жетекчисинин мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да кармалган.

Бул ишке тиешеси бар деген шек менен мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов 21-майда кармалып, камакка алынган. Кримтөбөл Азиз Батукаевди эркиндикке чыгаруу жөнүндө чечим чыгарган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовго карата сотко чейинки өндүрүш башталды. (ErN/ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG