Линктер

бейшемби, 20-июнь, 2019 Бишкек убактысы 11:32

КСДП тыңшоо боюнча Башкы прокуратурага кайрылат


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) экс-президент Алмазбек Атамбаевдин иш бөлмөсүнө тыңшоочу аппарат коюу аракети боюнча Башкы прокуратурага кайрылат. Бул тууралуу партиянын юристи Нурбек Касымбеков 24-майда басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, арыз «Экс-президенттин макамы жана ишмердигин кепилдикке алуу жөнүндө» мыйзамга ылайык берилет. Далил катары тыңшоочу аппарат бекитилген электр улоочу жабдык кошо берилмекчи.

Касымбеков экс-президентти тыңшоого аракет кылган УКМКнын кызматкери Жазык кодексинин 186-беренеси («Жеке жашоого кийлигишүү»), 189-беренеси («Кат алышуунун жашыруундугун бузуу») жана 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча жоопко тартылууга тийиш экенин кошумчалады.

24-майда КСДП экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын кеңешчиси Дамир Мусакеевдин иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппарат коюлганын жарыялаганын. Бул маалыматты УКМК жокко чыгарып, муну экс-президенттин өзүн пиарлоо аракети катары баалаган. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG