Францияда полиция көчөгө бомба салынган түйүнчөк таштап кеткен адамды издеп жатат. Окуя жума күнү кечинде Лион шаарында болгон.
Бомба жарылып, 13 адам түрдүү жараат алды. Алардын арасында сегиз жаштагы кыз да бар.
Өлкө президенти Эммануэл Макрон муну атайын уюштурулган кол салуу деп атады.
Лион Франциянын ири шаарларынын бири. Учурда калаа аймагында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, кылмышкерди издөө иштери жүрүп жатат. (RK)