Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:19

Умуралиева мэрияга караштуу «Шаардагы парктар» ишканасына директор болду


Калича Умуралиева.
Калича Умуралиева.

«Биздин укук» коомдук фондунун жетекчиси Калича Умуралиева Бишкек мэриясынын карамагындагы «Шаардагы парктар» ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» өзү билдирди:

- Биз былтыр Бишкектин жашыл зоналары боюнча изилдөө кылганбыз. Анда парктардын, Совет мезгилинен калган скверлердин тарыхын изилдедик. Изилдөөдө жерлердин баарын ким, качан таратканы, сатканы жазылган. Ошол изилдөөдөн кийин биздин сунуштар пайда болду. Эми аларды ишке ашырыш керек. Кызматка дайындоо боюнча мэриядан мага сунуш келгенде мен макул болдум.

Умуралиеванын маалыматына караганда, «Шаардагы парктар» ишканасы баш калаадагы парктарды сактоо жана өнүктүрүү иштери менен алектенет. Учурда Бишкекте 12 парк бар жана дагы эки жаңы парк салынып жатат.

Ал эми аталган ишкана 1992-жылы ачылып, карамагында алты парк болгон. Бирок 2010-жылдан кийин жоюлуп кеткен. (BTo)

XS
SM
MD
LG