Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:39

Президент: Аскер кызматкерлерин үй менен камсыз кылуу уланат


Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөнүнүн 20 жылдыгына карата жыйын. 28-май, 2019-жыл.
Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөнүнүн 20 жылдыгына карата жыйын. 28-май, 2019-жыл.

Акыркы бир жарым жыл ичинде Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кызматчылары үчүн 267 батирлүү тогуз турак жай курулду. Анын ичинен Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлерине 96 батирлүү төрт үй берилди. Президент Сооронбай Жээнбековдун айтымында, аскер кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу улантылып жатат жана ал өлкө башчынын көзөмөлүндө.

- Быйыл Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматчылары үчүн 379 батирлүү алты үйдүн курулушу жүрүп жатат. Анын ичинде Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчылары үчүн 88 батирлүү төрт үй салынууда. Заманбап инфратүзүмү бар аскер шаарчалары пайдаланууга берилди, жоокерлер үчүн казармалар, жаңы чек ара тозоттору курулууда. Республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша акчалай төлөмдөр көбөйдү. Бүгүн аскер кызматынын кадыр-баркы артты деп ишенимдүү айтса болот. Жаштар армиядан качпастан, мекенди коргоочунун кесиби ардактуу гана эмес, туруктуу жана келечектүү кесип экенине түшүндү, - деди Жээнбеков.

Бүгүн, 28-майда Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнүн 27 жылдыгына жана Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөнүнүн 20 жылдыгына карата жыйын өтүп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG