Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:05

Жалал-Абад: Милиция банк кассасын тоноого аракеттенген кишини издөөдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү «Компаньон» банкынын Ленин кѳчѳсүндѳ жайгашкан сактык кассасына тапанча менен кирип, карактоого аракет кылган кишиге издөө жарыялады.

Облустук милициянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 25-май күнү эртең менен 30 жаштардагы курал көтөргөн беткапчан киши кеңседен кызматкерлерди коркутуп акча алып чыгууга аракет кылган. Бул банктын видео кѳзѳмѳлүнѳ түшүп калган. Кылмышка шектүү окуя болгон жерден эч нерсе ала албай изин жашырууга үлгүргѳн жана эч ким жабыр тарткан эмес.

Окуяга байланыштуу «Каракчылык» беренеси менен иш козголуп, ыкчам иликтѳѳ иштери жүргүзүлүүдѳ. Милиция кылмышка шектүүнүн сүрөтүн жарыялап, тургундардан аны табууга жардам сурады. (RsK)

XS
SM
MD
LG