Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

Бир нече жылда Кыргызстандан кеминде 250 млн. доллар чыгарылып кеткен


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттыкка» келип түшкөн документтер бир нече жыл аралыгында Кыргызстандан кеминде 250 млн. доллар тышка чыгарылып кеткенин ырастоодо.

Кабарчыбыз Али Токтакуновдун атайын иликтөөсүндө бул сумманын бир бөлүгү чет өлкө жарандарынын атына которулганы белгилүү болду.

Ишенимдүү булактарыбыз 2011-2017-жылдар аралыгында Ош шаарындагы бир нече банктар аркылуу 250 эмес, кеминде 700 млн. доллар сыртка которулганын билдиришти.

«Азаттыктын» колуна тийген банк дүмүрчөктөрү акчаны Айэркин Саймаити аттуу уйгур улутундагы Кытайдын жараны которгонун көрсөтүүдө. Жүз миллиондогон доллар Түркия, Британия, Бириккен Араб Эмираттары, Германия, Орусия, Кытай баштаган 13 өлкөгө которулган. Ушул эле Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумаилиамунун атынан 2015-2017-жылдар аралыгында Түркиядан Кыргызстандагы Ысмайыл Матраимов атындагы кайрымдуулук фондуна 2 338 700 доллар которулган. Аталган фондго Русланбек Матраимов ээлик кылат.

Ал Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган иниси. Русланбек Матраимов Саимаити менен Бумаилиамуну тааныбасын айтып, алардан акча келгени тууралуу маалыматты четке какты. Ысмайыл Матраимов атындагы фонд бир нече жылдан бери спорттук иш-чараларды өткөрүп, ага жогорку мамлекеттик кызматкерлер катышып келет.

Матраимовдордун фондуна Түркиядан 2,3 млн. доллар которулган.

Бир тууган Матраимовдор өз дарегине айтылгандарды четке кагып келет. 13-майда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов видеокайрылуу таратып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дооматтарына жооп кайтарган. Анда Матраимов өзүнө жетиштүү байлыгы бар экенин жана мыйзамсыз иштерге барбаганын айткан.

Райымбек Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйө келтирген.

Былтыр апрелде Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Былтыр 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Матраимов иштен мыйзамсыз алынган» деп тапкан. Кийин бул чечимди Жогорку сот күчүндө калтырган.

Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү иши аяктап калганын маалымдаган. Мекеме анын мүлкүн беш айдан бери текшерүүдө. Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, Матраимов боюнча иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине быйыл 1-февралда катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Ишти Финансы полициясы реестрге 323-берене («Мыйзамсыз баюу») менен каттаган.

Ушул аптанын башында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишти тергеп жаткан Финансы полициясынын башчысы Бакир Таировго Матраимовдун мүлкүн текшерүү ишин тездетип, коомчулукка объективдүү жана толук маалымат берүүнү тапшырган. (MTo)

XS
SM
MD
LG