Самат Кылжыев өкмөттүн аппарат жетекчиси, Санжар Муканбетов экономика министри, Эркинбек Чодуев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, Дастан Догоев Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы болуп дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-майда кол койгонун президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Алардын талапкерлигин Жогорку Кеңеш 29-майда колдогон. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мурдагы экономика министри Олег Панкратов инвестиция тартуу жаатындагы кемчиликтери үчүн, мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев экспортко байланыштуу сындан улам, ал эми маалыматтык технологиялар жаатындагы жетекчилер кызматтык ишеним көрсөтпөгөнү үчүн жумуштан алынганын айткан. (BTo)