Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:24

Батукаев бошотулгандагы атайын прокурордун бөгөт чарасы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын облусунун прокурорунун орун басары Майрамбек Акматалиевдин бөгөт чарасы катары анын өлкөдөн чыгышына тыюу салынды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, мындай чечим 29-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кабыл алынды. Бөгөт чарасы 26-июнга чейин деп чектелди.

2013-жылы Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди «айыккыс ооруга чалдыкты» деп бошотуп жиберген. Майрамбек Акматалиев ошол учурда атайын прокурор болуп иштеп турган.

Батукаевдин бошотулушуна байланышкан кылмыш иши быйыл жыл башында кайра териштириле баштаган. Анын алкагында кримтөбөлгө «айыккыс илдеттен жабыркайт» деген диагноз койгон деген шек менен беш дарыгер кармалды. Алардын үчөө абакта, экөө үй камагында. Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулду.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, азыркы депутат Зарылбек Рысалиев сурак берүүдө. Анын кеңешчиси болгон Калыбек Качкыналиев камакка алынды. Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да кармалды.

Ишти Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергеп жатат. ИИМ жана Башкы прокуратура Майрамбек Акматалиев боюнча азырынча эч кандай маалыматы жок экенин билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG