Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:32

Түрк-америкалык окумуштуу Түркиядагы абактан бошоду


Серкан Голге
Серкан Голге

Түрк - америкалык окумуштуу, НАСАнын Марс программасынын мурдагы кызматкери Серкан Голге эки өлкөнүн лидерлери Дональд Трамп менен Режеп Тайып Эрдоган 29-майда телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин Түркиядагы түрмөдөн бошоду.

30-майда Ак үйдө журналисттерге сүйлөп жатып, Трамп түркиялык кесиптешине ыраазычылык билдирди.

40 жаштагы Серкан Голгенин бошотулушу тууралуу расмий түшүндүрмө берилген жок.

Ал 2016-жылы Түркияда үй-бүлөсү менен эмгек өргүүсүндө болуп, Техас штатынын Хьюстан шаарындагы үйүнө баратканда кармалган. Окумуштуу 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин колго түшкөн. 

Анкара Фетхуллах Гүленди 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинин артында турган деп айыптап келет.

Серкан Голге Гүлендин кыймылына тиешеси жок экенин билдирген. Ал "террордук кыймылга" мүчө деп, 2018-жылдын февралында жети жарым жылга соттолгон. Кийин абак мөөнөтү беш жылга кыскарган.

 

XS
SM
MD
LG