Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:13

АКШда кол салуудан 12 адам каза тапты


АКШнын түштүгүндөгү Виржиния Бич шаарынын муниципалдык башкармалыгына кол салуудан кеминде 12 адам каза болду.

31-майда орун алган окуяда муниципалдык кызматкер имаратка кирип барып алдынан чыккандарды аткан.

Бул окуядан кийин төрт адам жараат алып ооруканага жаткырылганы кабарланды.

“Бул Виржиния-Бичтин тарыхындагы эң кайгылуу күн”, – деп билдирди шаардын мэри Бобби Дайер.

Америкалык маалымат каражаттары кандуу калабаны уюштурууга шектүү катары 40 жаштагы Дэуйн Креддокту жазып чыгышты. Ал полиция менен кармашып жатып окко учкан. Анын эмне себептен мындай кадамга барганы ачык айтыла элек.

XS
SM
MD
LG