Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:19

Мамкаттоо: айдоочулук күбөлүк даярдоого тендер жакында жарыяланат


Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктөр жана автоунаанын техникалык паспорттору үчүн бланктарды сатып алуу боюнча тендер жакынкы күндөрү жарыяланат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү «Азаттыкка» кабарлашты. Алардан алынган маалыматка ылайык, учурда тендерди жарыялоого акыркы даярдыктар жүрүп жатат.

Айдоочулук күбөлүктөрдүн жана автоунаалардын техникалык паспортторунун бланктары менен камсыз кылуу укугуна Кыргызстанда катталган «Атлас Крипт» аттуу компания ээ болгон. Анын мөөнөтү быйыл апрель айында аяктамак.

Бирок өлкөдө жалпы жарандык паспорттор үчүн бланктарды сатып алуу боюнча тендер жаңжал менен коштолуп, Мамкаттоонун жетекчилери кызматтан кеткендиктен бул сынак кечеңдеди.

Мамкаттоонун маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2011-жылдын 12-апрелинен 2018-жылдын аягына чейин 13 миллион 260 миң еврого бааланган 1 миллион 85 миң 500 даана айдоочулук күбөлүк жана жалпы баасы 12 миллион 660 миң еврого 1 миллион 200 миң даанадан ашык техникалык паспорт даярдалган.

Жалпысынан алганда бул тармакта «Атлас Крип» компаниясы сегиз жыл ичинде мамлекеттен 25 миллион еврого буюртма алган. (BkA)

XS
SM
MD
LG