Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Дональд Трамп үч күндүк сапар менен Британияга келди


АКШнын президенти Дональд Трамп жубайы Мелания менен. 3-июнь, 2019-жыл.
АКШнын президенти Дональд Трамп жубайы Мелания менен. 3-июнь, 2019-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп үч күндүк мамлекеттик сапары менен Британияга келди. Ал сапардын биринчи күнүндө британ ханышасы Елизавета II баш болгон падышалык үй-бүлөнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, андан соң премьер-министр Тереза Мэй менен сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү.

АКШ президентинин бул сапары Британиянын өзүндө Брекзит боюнча талкуу уланып, премьер-министр Тереза Мэй кызматтан кетүүгө камынып жаткан учурга туш келди.

Трамп жекшемби күнү Лондонго жөнөөр алдында АКШ менен Британиянын кызматташтыгынын келечегине токтолуп, Мэйдин ордуна мурдагы тышкы иштер министри Борис Жонсон «мыкты» талапкер болоорун айткан. Ошондой эле Мэйдин ордун баса турган премьер-министр Брюссел менен сүйлөшүүлөрдөн чыгып кетиши керек экенин, Британия Евробиримдиктеги мүчөлүгүн эч келишими жок эле токтоткону туура болорун белгилеген.

Трамптын сапарын утурлай бир катар шаарларда анын саясатын сындаган акциялар өткөнү турат.

Дональд Трамптын 2018-жылы Британиядагы сапары да нааразылык акциялары менен коштолгон. Трамп Британиядагы сапарынан кийин Ирландияга жана Францияга бармакчы.

XS
SM
MD
LG