Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Азербайжан «Боинг» менен түзүлгөн 1 млрд. долларлык келишимди үзөт


«Боинг 737 MAX» учактары.
«Боинг 737 MAX» учактары.

«Азербайжан аба жолдору» «Боинг» компаниясы менен 1 миллиард долларга түзүлгөн келишимди бузат. Компания мындай чечимге «Боинг 737 MAX» учактары Эфиопияда жана Индонезияда кырсыкка кабылгандан кийин коопсуздук чараларынан улам келген.

Бул тууралуу компаниянын маалымат катчысы билдирди.

Быйыл март айында Эфиопияда «Боинг 737 MAX» кырсыкка кабылып, 157 адамдын өмүрү кыйылган. 2018-жылдын октябрь айында ошол эле «Боинг 737 MAX» Индонезияда кырсыкка учурап, 189 адам каза тапкан.

Эки учурда тең учактын электроника жабдыктары учкучтарга бийиктикти туура эмес көрсөткөнү айтылган. Ошондон кийин көп өлкөлөр 737 MAX лайнерлерине өз аймагынан учууга тыюу салышкан.

«Боинг» компаниясы өткөн айда учкучтарды 737 MAX учагын башкарууга үйрөтө турган жабдыктын программалык каталарын жойгонун, учуу шарттары тууралуу маалымат берип туруучу система боюнча да жаңы ыкмаларды киргизгенин жарыялаган.

«Боинг 737 MAX 8» үлгүсүндөгү учак коммерциялык каттамдарга 2017-жылы чыгарылган.

XS
SM
MD
LG