НАТО Түндүк Македонияны уюмдун 30-мүчөсү кылып кабыл алууга даяр. Бул тууралуу Түндүк Атлантикалык Альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг Скопьедеги сапарында билдирди. Ал эки күндүк сапарынын алкагында өлкөнүн жетекчилиги менен жолугушту. Столтенбергдин бул сапарын НАТОнун башкы органы – Түндүк Атлантикалык Альянстын башкы кеңешиндеги 29 элчи коштоп жүрдү.
Скопьенин НАТОго киришине кошунасы Грекия менен быйыл жыл башында өз ара талашты чечип, өлкө аталышын «Түндүк Македония» деп өзгөрткөндөн кийин жол ачылган.
1991-жылы коммунисттик Югославия Федерациясы ыдыраганда анын бир бөлүгү Македония Республикасы деген аталыш менен эгемен өлкө катары пайда болгон. Бирок Грекиянын түндүгүндө ушундай аталыштагы аймак да бар болгондуктан расмий Афины «келечекте бул жер талашка себеп болушу мүмкүн» деген негизде андай аталышка каршы болуп келген.
НАТО жана Евробиримдикке мүчө болгон Грекия Македония өз аталышын «Түндүк Македония» деп өзгөртмөйүнчө Македониянын эки уюмга тең кабыл алынышына каршы болуп келген.
Мурдагы Югославиянын курамында болгон бул өлкө альянстын 30-мүчөсү болушун шарттаган протоколго февралда кол коюлган. Ушул күнгө чейин 13 мамлекет аны колдоп берди.