Судандын борбор шаары Хартумда нааразылык акциясына чыгып курман болгондордун саны 35ке жеткенин оппозиция өкүлдөрү кабарлоодо. Дагы жүздөгөн адам жарадар болгону айтылды.
Дүйшөмбү күнү бийлик чатыр тигип алып отурган демонстранттарга каршы атайын күч кызматтарын жөнөткөн. Бирок расмий өкүлдөр күч колдонулбаганын билдирүүдө.
Быйыл апрелде Суданда мамлекеттик төңкөрүш жасалып, президент Омар аль-Башир камалган. Ошондон кийин бийликке жарандык коом өкүлдөрүн да тартуу талабы менен нааразылык акциялары башталган.
Cоңку маалыматтарга караганда, Аскердик кеңештин жетекчилиги азыркы кырдаалдан улам убактылуу өкмөт түзүп, тогуз ай ичинде жаңы шайлоо өткөрүүгө убада берди. (RK)