Кыргызстанда 5-июнда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 25...30,
Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 22...27,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 24...29,
Нарын аймагында түнкүсүн 7...13, күндүз 19...24,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээде 14 метрге жетет. Түнкүсүн 16…18, күндүз 26…28 градус жылыйт.