Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:32

Айт намазга курал менен кирүүгө аракет кылгандар кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери айт намаз окулуучу аянтка травматикалык курал алып кирүүгө аракет кылган эки жаранды кармашты. Учурда шектүүлөр Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Айт намаз учурунда коопсуздук сакташ үчүн милиция кызматкерлери жарандардын ар кандай учтуу темир, курал алып жүрүшүн текшеришкен. Текшерүү учурунда ар кандай учтуу темир жана травматикалык курал табылган. Мындан башка мыйзам бузуу катталган эмес.

Милициянын маалыматына караганда, Бишкектеги Эски аянтта айт намазга элүү миңден ашык мусулмандар чогулушту. Алардын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн эки миңден ашык милиция кызматкери тартылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG