Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:58

Кыргызстан менен Өзбекстан бирдиктүү виза киргизүү маселесин талкуулады


Кыргызстан менен Өзбекстандын желектери.
Кыргызстан менен Өзбекстандын желектери.

Кыргызстандын Жогорку Кеӊеши менен Өзбекстандын Олий Мажлисинин ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын Оштогу II жыйынында эки өлкө ортосунда бирдиктүү виза киргизүү маселеси каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган тема боюнча сүйлөшүүнүн башка деталдары так айтылган жок.

Парламенттер аралык комиссиянын алгачкы жыйыны өткөн жылы Өзбекстандын Фергана шаарында өткөн.

Өзбекстан менен Казакстан Евробиримдиктин Шенген визасы сыяктуу "Silk Visa" же "Жибек жолу визасын" быйыл февралда ишке киргизмек. Эки мамлекеттин башка өлкөлөргө карата визалык эрежелери түрдүү болгонуна байланыштуу анын старты кечеңдеген. Бул долбоорго башка өлкөлөр да кошулушу мүмкүн экени кабарланган. (ErN)

XS
SM
MD
LG