Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:34

БАЭ: төрт кемеге жасалган чабуул артында "мамлекет" турат


Бириккен Араб Эмираттарынын Фужейра портуна жакын акватория, 13-май 2019-жыл.
Бириккен Араб Эмираттарынын Фужейра портуна жакын акватория, 13-май 2019-жыл.

Өткөн айда Бириккен Араб Эмираттарынын жээгинде төрт мунай танкерин бутага алган "татаал жана координацияланган" чабуулду кайсы бир "мамлекеттин атынан иш алып баргандар" уюштурган. Саудиянын, Араб Эмираттарынын жана Норвегиянын мындай бүтүмү Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 6-июндагы жыйынында жарыяланды.

Үч өлкөнүн тыянагында белгиленгендей, кемелерге миналарды жайгаштыруу менен коштолгон жана тиешелүү эксперттердин навигациялык чеберчилигин талап кылган мындай чабуулду операция жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жогорку тараптар гана, балким "мамлекеттик актор" гана ишке ашыра алмак.

12-майда Бириккен Араб Эмираттарынын Фужейра портуна жакын акваторияда төрт кеме, анын ичинде Саудиянын эки мунай танкери, Норвегиянын бир кемеси «диверсиялык чабуулга» кабылганы кабарланган.Үч өлкөнүн тыянагында Ирандын аты аталбаса да, расмий Эр-Рияд, Абу-Даби жана Вашингтон бул чабуулду Тегерандын "агенттери" уюштурганын айтып келет.

Ирандын бийлиги мындай айыптоолорду четке кагып, кемелерге жасалган чабуулду "чагымчыл аракет" деп мүнөздөгөн.

XS
SM
MD
LG