Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 22:36

Чет элдик жарандарды карактаган кылмыштуу топ кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Ысык-Ата райондук ИИБ менен бирге үч эркек менен бир кыздан турган, чет элдиктерди карактаган кылмыштуу топту кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

2019-жылдын май айынан баштап азыркы күнгө чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында Пакистандын жана Индиянын жарандарына карата каракчылык кылып, тоногон бир нече фактылар катталган.

Кармалгандардын баары мурда «Ээнбаштык» же «Уурулук» беренелери менен соттолгону белгилүү.

Каракчылар жабырлануучулардын батиринин эшиктерин каккылап, өздөрүн сантехник же коңшу катары тааныштырып, андан соң аларды сабап, байлап, акча каражаттары менен чөнтөк телефондорун тартып алып жүрүшкөн. Алар акыркы тапкан акчасын эс алууга короткусу келип, Бостериге барганда кармалган.

Учурда каракчылар менен иштешкен дагы башка жарандарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG