Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

Алматы: акын Зайитов бошотулгандан кийин чогулгандар тарады


Полиция каршылык акциясына чыккандарды кармап баратат. 10-июнь, 2019-жыл.
Полиция каршылык акциясына чыккандарды кармап баратат. 10-июнь, 2019-жыл.

10-июнда саат 23:00 чамасында төкмө акын Ринат Зайитов Алматы шаардык полиция департаментинин алдына чогулгандар менен жолугуп, аларды таркап кетүүгө чакырды.

- Тарагыла, мен үйдөн келдим. Баарыңар үчүн жанымды берүүгө даярмын. Муунум бошоп, көзүмө жаш келип турат. Сиздер менен биргемин. Кармалгандардын баары чыкты. Бардыгы жакшы. Эч ким эч жерде калган жок, - деген акындын сөздөрүнөн кийин топтолгондор акырындан тарай башташты.

Департамент алдына чогулгандардын айрымдары: «Казакстан бир кадам алдыга жылды. Биз жеңдик!», - деп кыйкырып жатышты.

10-июнда Алматы шаарында кечки саат алтылар чамасында «Алатау» театрынын маңдайында бир топ адам шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык билдирип чыккан. Ал маалда полиция 50-60 чакты адамды кармап кеткен. Алардын арасында төкмө акын Ринат Зайитов да болгон. Акындын бошотулушун талап кылып, жүздөгөн адамдар полиция департаментинин алдына чогулушкан.

XS
SM
MD
LG