Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:19

Жалал-Абадда балдар оюндарынын кербени өттү


Балдар оюндарынын кербени. Жалал-Абад шаары.
Балдар оюндарынын кербени. Жалал-Абад шаары.

Жалал-Абад шаарында «Балага тумар бол» өнөктүгүнүн алкагында балдар оюндарынын кербени уюштурулду.

Барпы театрынын алдында уюштурулган иш-чарада балдарга чүкө оюндары, жаа атуу, ашкабак чапмай жана башка ушул сыяктуу унутта калып бара жаткан оюндар өткөрүлдү. Ал эми театрдын чоң залында Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын актёрлору балдарга «Туулган күн» деген спектаклди тартуулашты.

- Бул иш-чара ата-энелер менен балдардын карым-катышын жакшыртып, балдарды чөнтөк телефонго болгон кɵз карандылыктан алаксытуу, жаш жеткинчектердин улуттук аӊ-сезимин калыптандыруу, оюндар аркылуу жеткиликтүү ɵсүп-ɵнүгүшүн шарттоо максатын көздөйт, - деди балдар оюндарынын кербенинин координатору Айжан Абдесова.

Бул иш-чара түштөн кийин Сузак районунда да уюштурулду. Алдыдагы күндөрү ал Аксы, Ала-Бука райондорунда жана Баткен облусунда өткөрүлмөкчү.

Балдар оюндарынын кербени БУУнун Балдар уюму (ЮНИСЕФ) тарабынан уюштурулган. (RsK)

XS
SM
MD
LG