Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Байсалов Кыргызстандын Британиядагы элчиси болду


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов Кыргызстандын Улуу Британия менен Түндүк Ирландиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 11-июнда кол койгонун президенттик аппарат билдирди.

Буга чейин Байсаловдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде көпчүлүк добуш менен колдоо тапкан.

Улуу Британиядагы азыркы элчи Гүлнара Исакованын ыйгарым укуктары аяктоодо. Ал кызматка 2015-жылы дайындалган.

XS
SM
MD
LG