Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Карамушкина: Атамбаевди «саткандар» элдин, мыйзамдын алдында жооп берет (видео)


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бир кездеги үзөңгүлөштөрү бүгүн аны «сатып жатат» деп эсептейт.

Мындай пикирин Карамушкина бүгүн парламенттин жалпы жыйынында билдирди:

- Саткындар, силер көбүңөр анын досу эмес белеңер?! Силер элдин жана мыйзамдын алдында жооп бересиңер. Соттордун, УКМКнын, прокуратуранын ишинде мыйзам бузуу мурдагыдан да көбөйдү. Атамбаевден мыкты болуп алгыла! Эмне эле ага жармашып жатасыңар? Асылбек Жээнбеков төрага, Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда кимиңер каршы сөз сүйлөдүңөр эле? Бүгүн «баатыр» болуу модага айланды.

​Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Канатбек Исаев, Талант Мамытов жана Иса Өмүркулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине кескин сын айтып, анын ишмердүүлүгүнө баа бериш керек деген демилге көтөрүп чыгышты. (RK)

XS
SM
MD
LG