Линктер

шаршемби, 19-июнь, 2019 Бишкек убактысы 01:13

Москвада жүрүшкө чыккан 400дөн ашык киши камакка алынды


Москвадагы полиция.

Москвада журналист Иван Голуновду колдогон жүрүштүн катышуучулары кармала баштады. Алардын арасында оппозициялык саясатчы Алексей Навальный да бар.

Мунун алдында Москва мэриясы «чагымга алдырбай, уруксат берилбеген иш-чарага катышпоого» чакырган.

«Медуза» басылмасынын журналисти Иван Голунов 6-июнда баңгизат соодасына байланыштуу шек саналып кармалган. Адвокаты анын чөнтөгүнө жана батирине баңгизат атайын ташталганын билдирген.

Голунов өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин кийинки убакта иликтеп жүргөн көрүстөн бизнесине байланыштырып жатат. Ал иликтөө ушул күндөрү жарыяланмак. Голунов кармалары менен Москвада жана Орусиянын бир катар шаарларында журналистти колдогон акциялар өттү. Жыйынтыгында ишемби күнү Москванын Никулин райондук соту анын ишин карап, 7-августка чейин үй камагына чыгарган. Бирок кечээ, 11-июнда Голуновго козголгон кылмыш иши токтотулган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG