Линктер

шаршемби, 19-июнь, 2019 Бишкек убактысы 01:39

Жапониянын өкмөт башчысы Иранга баратат


Синдзо Абэ.

Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэнин Ирандагы расмий сапары башталууда. Мындай жогорку даражадагы жапон аткаминери Тегеранга 1978-жылдан бери бара элек болчу.

Тегеранда жапон өкмөт башчысы Абэ аятолла Али Хаменеи жана президент Хасан Роухани менен жолугушат. Жолго чыгаардын алдында Синдзо Абэ Жакынкы Чыгыштагы чыңалган абалга тынчсызданып турганын айткан эле.

- Бул чөлкөмдөгү тынчтыкка жана туруктуулукка күчүм жетишинче салым кошкум келет, - деди ал.

Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы Ирандын өзөктүк келишими болот. Тегеран менен Вашингтондун мамилеси дүйнөнүн алты державасы Иран менен түзгөн анын өзөктүк программасы боюнча келишимден АКШ 2015-жылы чыгып кеткенден кийин курчуй баштаган. Аталган келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектеп, анын ордуна Иранга каршы экономикалык санкциялар алынган. Трамп 2018-жылы майда келишимден чыгып жатканда анын шарттары Ирандын өзөктүк куралын чектебей турганын билдирген.

Токио - АКШнын Азиядагы жакын өнөктөштүрүнүн бири, ошол эле маалда Тегеран менен да мамилеси жакшы.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG