Линктер

шаршемби, 19-июнь, 2019 Бишкек убактысы 01:55

Ош шаары Кытайдын эки шаары менен кызматташат


Шицзячжуан шаарынын вице-мэри Ли Сюэронг менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов. Ош шаары. 12-июнь, 2019-жыл.

12-июнда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кытайдын Хэбей провинциясынын Шицзячжуан шаарынын вице-мэри Ли Сюэронг баштаган делегация менен жолугушту. Жолугушууда Ош шаары менен Шицзячжуан шаарынын ортосунда боордоштук мамиле түзүү боюнча келишимге кол коюунун алкагында пикир алышып, кызматташуу маселелери талкууланды.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов аталган шаар менен экономика, туризм жана маданият жагынан кызматташууга умтуларын билдирди.

Бишкекте Кытай менен Кыргызстандын өлкө башчыларынын катышуусунда Ош шаары Шицзячжуан шаары менен кызматташтык келишимине кол коёру күтүлүүдө.

Ушул эле күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кытайдын Шэньси провинциясынын Сиань шаарынын мэри Ли Минюанды кабыл алды.

Жолугушууда эки шаардын экономикалык багытта, тагыраагы соода-сатык жана ишкерлик жаатында кызматташуу, Ош шаарын өнүктүрүүчү долбоорлорго инвестиция тартуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары медицина жана билим берүү кызматкерлерин тажрыйба алмаштыруу боюнча да сунуштар айтылды. (MdN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG