Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Жээнбеков менен Си Цзиньпиңдин жолугушуусу башталды


Сооронбай Жээнбеков жана Си Цзиньпиң. Бишкек, Кыргызстан. 12-июнь, 2019-жыл.
Сооронбай Жээнбеков жана Си Цзиньпиң. Бишкек, Кыргызстан. 12-июнь, 2019-жыл.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиңдин жолугушуусу башталды. Си Цзиньпиң Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен 12-июнда келген.

Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланууда. Анын жыйынтыгы менен 20га жакын документке кол коюлары күтүлүүдө. Аталган келишимдер кайсы багыттарды камтый турганы азырынча айтыла элек.

Бул Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиңдин Кыргызстандагы экинчи мамлекеттик макамдагы сапары. Алгач жолу ал 2013-жылы сентябрда Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин алкагында келген болчу. (BkA\ErN)

XS
SM
MD
LG