13-июнда айыл чарба багытындагы мыйзамдарды жана келишимдерди кароо учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров Ош облусунун жана Араван районунун базарларын Өзбекстандан кирген жашылча жана жер-жемиштер басып калганын, бул жергиликтүү дыйкандарды банкрот кылып жатканын айтты.
- Мына, Өзбекстандын жашылча-жемиши Кыргызстанга аябай көп чыкканы үчүн Араван районундагы дыйкандар өндүргөн азык-түлүгүн сата албай калышты. Муну көзөмөлгө албайсыздарбы? Бул боюнча тез арада иш алып барыңыздар. Жерине комиссия жөнөтүңүздөр, чара көрүңүздөр, - деди депутат Бакиров.
Бул суроого айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев жооп берип, бийликтин аталган багыттагы аракеттерин кенен түшүндүрө алган жок.
- Бул боюнча маселе көтөрүлүп жатат. Биз да дыйкандарыбызды коргоого аракет кылып жатабыз. Жашылча, жер-жемиштерди Кытайга экспорттоо үчүн аракет көрүп жатабыз. Маселен, 500 тонна кокон гиласты Кытайга жөнөттүк, - деди Керималиев. (ErN)