Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:37

Чолпон-Атада дин чөйрөсүндөгү маселелер талкууланат


Токмоктогу жыйын.
Токмоктогу жыйын.

14-июнда Чолпон-Ата шаарында дин чөйрөсүндөгү маселелер талкууланган жыйын өтөт. Аны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жергиликтүү бийлик менен бирге уюштурууда.

Жыйынга мамлекеттик органдардын, диний уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышып, дин жаатындагы мыйзамдар, алардын аткарылыш талаптары тууралуу маалымат алышат.

Ушундай эле талкуу 13-июнда Токмокто болгон.

Бул иш-чара Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча 2015-2020-жылдарга карата концепциясын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлөт.

Дин комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 3257 диний уюм каттоодон өткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG