Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 00:38

ШКУ башчыларынын жолугушуусу башталды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын жыйыны башталды.

Ага Кыргызстандан тышкары Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Тажикстандын президенттери жана Пакистандын, Индиянын премьер-министрлери катышууда.

Ошондой эле уюмда байкоочу макамына ээ болгон Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголиянын башчылары да бүгүнкү жыйынга катышуу үчүн келген.

Саммиттин соңунда мамлекет башчылар 20 макулдашууга, ал эми министрлик-мекемелер деңгээлинде 10 документке кол коюлат.

11 өлкөнүн президенти жана эки мамлекеттин премьер-министри катышып жаткан саясий иш-чара Кыргызстанда биринчи жолу өтүүдө. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG