Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 12:39

Си Цзиньпиң: ШКУ аймагындагы экономика ачык болушу шарт


Си Цзиньпиң.

Аймактык экономика азыркыга караганда ачыгыраак, толеранттуу жана интеграцияга ийкемдүү болушу керек. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинде сүйлөп жатып Кытайдын лидери Си Цзиньпиң билдирди.

Ал ошондой эле ШКУ ар бир мүчө мамлекет өзүнө пайда көрө алчудай кызматташтыктын үлгүсү болууга умтуларын белгилеп, инвестиция тартууну, соода-сатыкты кеңейтүүнү улантууга чакырды.

Саммитке Кыргызстандан тышкары Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Тажикстандын президенттери жана Пакистандын, Индиянын премьер-министрлери катышууда.

Ошондой эле уюмда байкоочу макамына ээ болгон Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголиянын башчылары да бүгүнкү жыйынга катышуу үчүн келген. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG