Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:13

Токаев: ШКУ өлкөлөрүндө маалыматтык коопсуздукка көңүл буруу зарыл


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында маалыматтык коопсуздук борборун түзүү зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда Бишкекте ШКУ саммитинде сүйлөп жатып казак президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди:

- Терроризм проблемасы глобалдык түйүндө да байкалууда. Киберкоопсуздукту камсыздоодо кошумча чаралар талап кылынып жатат. ШКУда маалыматтык коопсуздук боюнча борбор түзүү бул мейкиндиктеги коопсуздук үчүн маанилүү роль ойномок.

Казакстандын президенти катары алгач жолу эл аралык жыйынга катышып жаткан Касым-Жомарт Токаев ШКУнун дүйнөдөгү башка уюмдар менен байланышын күчөтүүгө чакырды. Токаев бул багытта Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин үч багыттуу диалог боюнча сунушун колдоо керектигин белгиледи. Анын алкагында дүйнөдөгү блоктук түзүмдү жокко чыгарып, ШКУ Евразиядагы ЕАЭБ, АСЕАН, БРИКС жана Европа биримдиги сыяктуу уюмдар менен ишенимдүү өнөктөш болушу керек экенин да кошумчалады.

Саммитке Кыргызстандан тышкары Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Тажикстандын президенттери жана Пакистандын, Индиянын премьер-министрлери катышууда.

Ошондой эле уюмда байкоочу макамына ээ болгон Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголиянын башчылары да бүгүнкү жыйынга катышуу үчүн келген. (BkA)

XS
SM
MD
LG