Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Конгрессте орус газын бутага алган мыйзам долбоору сунушталды


"Түндүк агым - 2" газ куурунун Ленинград аймагындагы бөлүгүнүн курулушу.
"Түндүк агым - 2" газ куурунун Ленинград аймагындагы бөлүгүнүн курулушу.

АКШ Конгрессиндеги республикачыл сенаторлордон турган топ Орусиянын газ куурлары боюнча долбооруна санкция сала турган мыйзам долбоорун сунуштады.

Эгер колдоо тапса, бул документ орус газын Чыгыш Европа менен эмес, Балтика деңизи аркылуу Германияга жеткирүүнү көздөгөн "Түндүк агым - 2" долбоорунун ишин кечеңдетиши мүмкүн.

Мыйзам долбоорунда белгиленгендей, Москвага энергия булактарын экспорттоого инвестиция же кызмат көрсөтүү аркылуу жардам берген тараптар "кара тизмеге" алынат.

Вашингтон Европадагы өнөктөштөрүн Москванын мунай-газына болгон көз карандылыкты азайтууга чакырып келет. Орусиянын "Газпром" мамлекеттик компаниясы куруп жаткан, 11 миллиард долларга бааланган "Түндүк агым - 2" газ кууру Европанын эң чоң экономикасына жылына 55 миллиард куб метр көгүлтүр отун жеткириши керек. Газ түтүктөрү төшөлүп бүтсө, Орусия Украина аркылуу Европага жөнөткөн газдын көлөмүн азайта алат.

Эки күн мурда АКШ президенти Дональд Трамп Германияны "Түндүк агым - 2" долбоорун колдогону үчүн сынга алып, бул долбоордун пайдасын Орусия гана көрөөрүн ишара кылган.

XS
SM
MD
LG