Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Апта: Атамбаевге «айбат», ШКУнун саммити


Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана Жогорку Кеңештин депутаттары. Коллаж.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана Жогорку Кеңештин депутаттары. Коллаж.

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (10-16-июнь, 2019-жыл).

Жогорку Кеңештен Атамбаевге «каяша айткандар»

Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуунун жол-жобосун талдап-тактаган депутаттык комиссия түзүлдү. 12-июнда парламент жыйынында «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Канатбек Исаев кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сунушту 60 депутат колдогонун айтып чыкты.

Канатбек Исаев көлөмдүү билдирүү жасады жана анда негизинен Атамбаевди узурпация боюнча айыптады. Депутат экс-президентти Бишкек ЖЭБи, түндүк-түштүк альтернативалуу жолу, Датка-Кемин, Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтер сыяктуу долбоорлордогу мыйзам бузууга байланыштуу күнөөлөдү. Ошондой эле ал УКМК, ИИМ сыяктуу органдардагы кадр саясаты, басма сөз эркиндигине жасалган кысым, кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошоп кеткени тууралуу кеп кылып жатып Атамбаевдин атын атады.

Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

«Коррупциялык көрүнүштөр, бийликти узурпациялоо Атамбаевдин иш-аракетинде көп болгон. Аткаруу бийлигине да түздөн-түз кийлигишкен. Жогорку Кеңеште каяша айткан, өз ою бар адамдардын баарына четинен иш козгоп, каматты. Алмамбет Шыкмаматовго, Талант Мамытовго, Өмүрбек Текебаевге, Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге, Аида Саляновага, Акматбек Келдибековго, Нариман Түлеевге - бүт баарына иш козгоду. Муну менен «үйдө жатып алып Жогорку Кеңешти башкарам, президент да кол бала болот, өкмөт да мен айткандай иш жүргүзөт» деген максаты болгон. Кудайга шүгүр, андай болгон жок. Ошол себептен Башкы прокуратура, Финполиция, ИИМ тиешелүү иш жүргүзбөй жатса, Жогорку Кеңеш демилгени өз колуна алып, мурдагы президент Атамбаевге тиешелүү баа бериши керек», - деди депутат.

Алмазбек Атамбаевди КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, «Бир Бол» фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулайманов да айыптады. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков болсо Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу Атамбаевдин дооматтарына ызаланып трибунадан жооп кайтарды:

Дастанбек Жумабеков.
Дастанбек Жумабеков.

«Сиз «төрага баш болуп бүжүңдөп Матраимовдун тоюна барат» дейсиз. Алмазбек Шаршенович, ал той быйыл эле өткөн жок. Ал тойго быйыл эле төрага же депутаттардын тобу барып калган жок. Сиз архивге айланып карап коюңуз, сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргөн. Сиздин убакта премьер-министр, сизге жакын депутаттар ошол тойдо жүргөн. Мен ойлойм, алар да элди сыйлап, элге кызмат кылган үй-бүлөнү сыйлап, ошол тойдон жакшы сөздөрүн айтты. А бүгүн биз барып койсок «чимкирик депутаттар, бөжөңдөп төрага жүрөт» дейт. Кара-Суу элинин, Матраимовдордун артынан сиз партияңыз үчүн 40-50, 100 миңдеген добуш албадыңызбы, өзүңүздүн президенттик шайлоого добуш албадыңызбы! Эмнеге ошону айтпайсыз, Алмазбек Шаршенович?»

Бирок парламентте экс-президентке азыр «каяша айтып» жаткан депутаттар Атамбаев президент болуп турганда аны ар тараптан колдоп-коргоп келгенин, ал тургай «журт атасы» деп көкөлөтүп жүргөнүн эстегендер да болду. КСДПнын депутаты Ирина Карамушкина Атамбаевге акарат келтиргендерди «коркоктор» деп баалады:

Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

«Мен ушунчалык коркок жана саткын эркек саясатчыларды көргөн эмесмин. Азыр силер трибунадан «жол-мол, узурпация-музурпация» деп айтып жатасыңар. Ошол учурда парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков эмес беле, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эмес беле? Ошол учурда эч ким эч нерсе айткан эмес, азыр болсо минтип бийликтен кеткен кишини сындаган «баатырлар» көбөйдү. Ошол кезде унчукпайсыңар да, бүгүн бул жерде эр болуп, каап атасыңар. Ооба, экс-президенттин кол тийбестигин коргогон мыйзам жок, бирок эл бар. Эл азыр баарын көрүп-билип турат. Силер азыр эсептеген нерселер, УКМК, Башкы прокуратуранын ишинде мыйзам бузуу азыр андан бетер көп болуп жатат. Кана, Атамбаевден мыкты болуп кеткениңер? Эмне үчүн ага жабышып алдыңар? Анткени силер анын принципиалдуулугунан коркуп жатасыңар. Ал эми Атамбаевдин «Медиа Форумдун» алдындагы билдирүүсү – бул реакция. Аны өзүн, партиясын коргоого мажбурлап жатышат».

Экс-президенттин кол тийбестигин алууну талдап-тактай турган, 10 депутаттан куралган комиссияга бир жума мөөнөт берилди. Эмки аптада бул комиссия өз корутундусун бериши керек. Эгер комиссиянын чечимин депутаттардын үчтөн экиси колдосо, анда сунуш Башкы прокуратурага жөнөтүлмөкчү.

Анткен менен «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу оңой-олтоң болбой турганын моюнга алды:

«Комиссия он күндүн ичинде коюлган күнөөлөрдү текшерип, иштеп чыгышы керек. Эгер ошолорду далилдесе, анда Жогорку Кеңешке чыгарып, 60 добуш менен прокурорго жибериши зарыл болот. Прокурор өзүнүн пикири менен кайтарат. Андан кийин 80 депутат макулдугун берсе кол тийбестик алынат. Процесс оңой эмес».

Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселеси депутаттардын өздөрүнө да сын-дооматты күчөттү. Талдоочу Турат Акимовдун пикиринде, депутаттар ириде өздөрүнө саясий упай топтогонго аракет кылып жатышат.

Турат Акимов.
Турат Акимов.

«Бул депутаттардын жөн эле пиар-пикири. Булар эл алдында «биздин да намысыбыз бар» дегендей эле түр көрсөтүп жатышат. Эгер алар Атамбаевди жоопко тарткысы келсе башкы прокурорду чакырып алып эчак эле тапшырма беришмек. «Качкан жоону катын да саят» деген кеп бар кыргызда, булар эми баары эле кыйын боло беришет. Ал эми Алмазбек Атамбаев бийликте отурган кезде ушулардын бири да сүйлөй алган эмес, чүчкүрө да алган эмес. Баары кеткенден кийин сүйлөп жатышат. Сооронбай Жээнбеков кеткенден кийин аны деле шыбап кое беришет. Бирок реалдуу алганда азыркы саясий аренада бийликке тең келе алчу, оппозиция катары Атамбаев гана калды. Андан башка эч ким президентке сын да айта албайт. Анткени алардын баары күн карама», - деди Акимов.

Алмазбек Атамбаев өз кол тийбестигине байланыштуу азырынча үн ката элек. КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева депутаттарды «саясий буйрукту» аткарып жатат деп айыптады:

«Ролдорун жакшы аткарышты. Жогорку Кеңеш саясий буюртманы аткарып жатат. Бирок экс-президентти эл каматып коюп, унчукпай отуруп калбайт. Эгер бийлик от жандырам деп жатса, ошого барып көрсүн. Бирок бул бийликтин өзүнүн кыйрашына гана алып келчү себеп болот».

Бишкекте 8-июнда КСДП коррупцияга каршы митинг өткөргөн. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековдун саясатын, Жогорку Кенешти кескин сынга алган.

Казак бийлиги сынга кабылды

БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгы Казакстандагы президенттик шайлоого жана андан кийинки камоого байланыштуу кабатырлыгын билдирди. Уюм Нур-Султанды адам укуктары боюнча милдеттенмелерин аткарууга чакырды.

Казакстанда президенттик шайлоого нааразы болгон жүздөгөн жарандар көчөгө чыгып, ондогон адамдар камакка алынган. Андагы соңку жагдайга байланыштуу БУУнун Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча кеңсесинин башчысы Ришард Коменда атайын билдирүү таратты.

«Казакстанда президенттик шайлоо убагында жана андан кийин тынч митингге чыккандарга, активисттерге жана журналисттерге карата бийликтин мамилеси терең өкүндүрөт. Пикирин эркин билдирүү, тынч жыйындарга чогулуу коомдун ийгиликтүү жана тез өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Анын баарын негизсиз, себепсиз чектөө туруктуулукка жана социалдык биригүүгө кедергисин тийгизет», деп жазылат билдирүүдө.

БУУнун башкармалыгы эркин маалымат булактары Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларында 9-10-июнь күндөрү кеминде миңдей адам камакка алынганын, алардын арасында журналисттер да болгонун белгилеген. Ал казак бийлиги андан аз адам административдик жазага тартылганын билдирип жатканына токтолгон. Ошондой эле соттук териштирүү укук бузуу менен коштолгону тууралуу кабардар экенин маалымдаган жана кармап-камоого байланыштуу камтама болуп жатканын билдирген.

«Бул адам укуктары боюнча эл аралык мыйзамдардын алдындагы Казакстандын милдеттенмелерине каршы келет. Мен Казакстанды жарандардын ой-пикирин эркин билдирүү, укугун коргоо, тынч жыйындарга чогулуу, өлкөнүн саясий жашоосуна толук катышуу боюнча укуктук милдеттенмелерин аткарууга чакырам», - деди Коменда.

13-июнда Казакстандын Башкы прокуратурасы Нур-Султан жана Алматы шаарларында санкцияланбаган нааразылык акцияларында жалпысынан 950дөн ашык адам административдик жазага тартылганын билдирди. Ага ылайык, 670 адам 6 суткадан 15 суткага чейин камалды. Дагы 115 адамга айыппул салынды.

Полиция Алматыда нааразылык акциясына чыккан аялды кармап кетип бараткан учуру. 12-июнь, 2019-жыл.
Полиция Алматыда нааразылык акциясына чыккан аялды кармап кетип бараткан учуру. 12-июнь, 2019-жыл.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 9-10-июнь күндөрү эки ири шаарда полиция бөлүмдөрүнө 700 адам жеткирилди. Казакстандык укук коргоочулар болсо камалгандар алда канча көп экенин айтып, окуяны өз алдынча комиссия текшеришин талап кылып жатышат. Башкы прокуратуранын өкүлү Сапарбек Нурпейисов полициянын аракеттерине байланыштуу дооматтарды четке какты:

«Биз прокуратура органдары, ички иштер органдары тарабынан мыйзам бузулганын аныктаган жокпуз. Дагы да эскерте кетейин, бизге түшкөн арыздарды текшерүү башталды. Анын жыйынтыгында сиздер айткан маселелердин баары камтылат».

Нааразылык акцияларын чагылдырып жүргөн журналисттердин да кармалышы тууралуу 13-июнда ички иштер министринин биринчи орун басары Марат Кожаев журналисттерге учкай жооп берди:

«Бизге журналисттерди атайын акмалоо, камоо тууралуу буйрук берилген эмес. Андай иш эч кайсы бөлүмгө тапшырылган эмес. Нааразылык акциялары өтүп жаткан жерлерге өзүңөр бардыңар. Биздин кызматкерлер өз милдетин аткарып жаткан жерде өзүңөр жүрдүңөр. Полиция кызматкерлери жаныңарда жүрдү».

Ал арада Нур-Султан шаарында камакка алынган, Караганда облусунун Шахтинск шаарында камалган адамдар бошотула баштаганы белгилүү болду.

Казакстанда 9-июнда президенттик шайлоо өтүп, анда Касым-Жомарт Токаев 70 пайыздан ашык добуш алганы жаряыланды. Ал 12-июнда ант кармап кызматка киришкен күнү да нааразылык акциялары өтүп, адамдарды кармап-камоо уланды.

ШКУнун Бишкектеги саммити

Бишкекте 14-июнда Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өттү. Ага Кыргызстандан тышкары Кытайдын, Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын президенттери, ошондой эле Пакистандын, Индиянын премьер-министрлери катышты. Андан сырткары уюмда байкоочу макамына ээ болгон Ооганстандын, Беларустун, Ирандын жана Монголиянын башчылары да келишти.

Саммитте Бишкек декларациясы кабыл алынды. Уюмдун курамындагы жана байкоочу мамлекеттер баңгизат соодасына каршы күрөшүү, санариптешүү жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо, гуманитардык маселелерди жөнгө салуу, туризм, айыл чарба тармактары боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашты.

ШКУ катчылыгынын эл аралык «Астана» каржылык борбору, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасы жана Европа экономикалык комиссиясы менен кызматташуу жөнүндө меморандумдар түзүлдү. «ШКУ-Ооганстан» тобунун «жол картасы» боюнча чечимге кол коюлду.

Ал эми мекемелер деңгээлинде жалпыга маалымдоо каражаттары, дене тарбия жана спорт, саламаттык сактоо жаатындагы байланыштар тууралуу документтер кабыл алынды.

Саммитте уюмдагы мамлекеттердин лидерлери бир катар сунуштарын ортого салышты. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну тездетүүгө чакырды. Ал уюмдун алкагында экономикалык кылмыштарга каршы атайын орган түзүүнү сунуш кылды.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Экономикалык кылмыштар адатта эл аралык мүнөзгө ээ. Мунун баары баңгизат соодасы, аткезчилик, арам акчаны адалдоо аракети менен тыгыз байланышта», - деди ал.

Ал эми Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев болсо чөлкөмдөгү маалымат коопсуздугуна көңүл бурду:

«Терроризм проблемасы глобалдык түйүндө да байкалууда. Киберкоопсуздукту камсыздоодо кошумча чаралар талап кылынат. ШКУда маалымат коопсуздугу боюнча борбор түзүү бул мейкиндиктеги коопсуздук үчүн маанилүү роль ойномок».

Касым-Жомарт Токаев ШКУнун дүйнөдөгү башка уюмдар менен байланышын күчөтүүгө үндөдү. Ал Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин үч багыттуу диалог боюнча сунушун да эске салды.

Кытайдын лидери Си Цзиньпиң аймактагы экономика азыркыга караганда ачыгыраак, сабырдуу жана интеграцияга ийкемдүү болушу керек экенин белгиледи. Ал ошондой эле ШКУнун ар бир мүчөсү өзүнө пайда көрө алчудай кызматташтыктын үлгүсү болууга умтуларын белгилеп, инвестиция тартууну, соода-сатыкты кеңейтүүнү улантууга чакырды.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ШКУнун «жашыл алкагын» түзүүнү сунуш кылды. Ал агроинновациялык долбоорлорду колдоо, экономикалык форумдарды өткөрүп туруу, коопсуздукту камсыз кылуучу чараларды көрүү, туристтик кызматташтыкты өнүктүрүү керек экенин билдирди:

«ШКУнун «жашыл алкагын» түзүү боюнча программа кабыл алуу актуалдуу маселе деп эсептейбиз. Максат - өлкөлөрүбүздө ресурс үнөмдөөчү заманбап жана экологиялык таза технологияларды кеңири жайылтуу».

Өзбекстандын президенти ошондой эле ШКУнун алгачкы экономикалык форумун Самарканд шаарында өткөрүүнү сунуш кылды.

Ал эми орус президенти Владимир Путин Орусия ШКУда төрагалык милдетти аткарып жатканда Ирандын өзөктүк программасы боюнча саясий келишимдин аткарылышын талап кыла берерин айтты.

Владимир Путин.
Владимир Путин.

«Ирандын өзөктүк программасынын тегерегинде түзүлгөн кырдаал тынчсыздануу жаратууда. Бул пландан АКШнын чыгып кетиши аймакта кырдаалдын туруктуулугун бузуу менен катар өзөктүк куралды жайылтоо режимин үзгүлтүккө учуратуу коркунучун да жаратууда», - деди Путин.

Путин Сирия маселесине да токтолду. Ал бул өлкөдөгү террордук очокторду толугу менен жок кылыш керек деген оюн ортого салды:

«Сириянын Идлиб аймагындагы террорчул очокторду толугу менен жок кылыш үчүн расмий Дамаскка көмөктөшүү зарыл».

Орусиянын лидери «дүйнөдөгү террорчул күчтөрдү каржылаган булактарга каршы күрөшүү зарыл» экенин баса белгиледи.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон болсо ШКУ террордук жана экстремисттик бирикмелердин маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири пайдаланышына бөгөт коюучу иштерди күчөтүшү керек деп эсептейт.

Эмомали Рахмон.
Эмомали Рахмон.

«Аймакта туруктуулукту бузуу аракеттерине чогуу каршы турушубуз зарыл. Тажикстан маалыматтык чөйрөдөгү жаңы коркунучтарга жана чакырыктарга каршы күрөш боюнча кызматташтыкты жандантууга даяр», - деди ал.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди терроризмге каршы эл аралык саммит өткөрүүнү сунуш кылды. 14-июнда Бишкекте ШКУнун саммитинде сүйлөп жатып ал терроризмди колдогон өлкөлөрдү «изоляцияда калтыруу» керек деген оюн билдирди:

«Террорчуларга жардам берип, аларды каржылаган өлкөлөр жоопко тартылышы керек».

Ошондой эле ал аймактагы коопсуздукту камсыз кылууда Ооганстан маселеси өзгөчө мааниге ээ экенин билдирди. «Нью-Дели досу Ооганстанга мындан ары да колдоосун көрсөтө берет» деп кошумчалады Индиянын өкмөт башчысы.

Индиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси, тышкы саясат боюнча эксперт Пхунчок Стобдан «Азаттыкка» комментарий берип жатып Орусия жана Кытай бул уюмду Батышка каршы платформа катары колдонуп жатат деген пикирин билдирди:

Пхунчок Стобдан.
Пхунчок Стобдан.

«Уюм башынан эле Батышка каршы платформа катары кабылданган. Анткени аны Орусия менен Кытай жетектейт. Ачык айтылбаганы менен уюм мүчөлөрүнүн бардык кадамдары АКШнын гегемониясына каршы экени маалым болчу. Уюмдагы мамлекеттердин ортосунда экономикалык же коопсуздук жагынан алганда «ШКУнун алкагындагы стратегия» деген чоң долбоордун ишке ашканын уктуңуз беле? Уюмдун алкагында иштеп жаткан долбоорлордун баары эле - Кытай менен Казакстандын, Кытай менен Кыргызстандын, Кытай менен Тажикстандын же Кытай менен уюмдагы башка мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу долбоорлор. Кытай бул уюмду өз кызыкчылыктарын сүрөш үчүн колдонууда. ШКУ - бул жөн гана көшөгө сыяктуу, көзгө көрүнгөн жагын кооздогон нерсе. Борбор Азия мамлекеттеринин ири геосаясий пландары бар деп ойлобойм. Алар болгону өз кызыкчылыктарын коргогонго аракет кылышат. Балким Казакстандын таасири бир аз чоңураак. Борбор Азия мамлекеттеринин көбү Кытай, Орусия, балким Индия менен кызматташуудан пайда табат. Ошону менен катар чөлкөмдөгү мамлекеттер Кошмо Штаттар менен деле жакшы алакада болууну көздөшөт жана муну ШКУдан тышкары ишке ашыра берсе болот. ШКУдан аларга зыян деле жок, тескерисинче алар соодадан, инвестициядан пайда көрөт. Бирок узак мөөнөттө кандай болорун айта албайбыз. Мен азыр темир жол системасы тууралуу айтып жатам. Эгер Кыргызстан бул системага кошулса, анда Кытай Евразияны бириктирип, Европанын атаандашына айланат. Анда Орусия утулат».

Анткен менен кээ бир эксперттер ШКУнун келечегине ишенет жана бул уюм тескерисинче чөлкөмдү Батыштын үстөмдүгүнөн сактап калат деген пикирде. Алардын бири - пакистандык саясат таанучу Замир Ахмед Аваан.

Замир Ахмед Аваан.
Замир Ахмед Аваан.

«Батыш, өзгөчө Кошмо Штаттар менен Евробиримдик чөлкөмдүн саясатына үстөмдүк кылганга аракет кылып жатышат, - дейт ал. - Жакынкы Чыгышта, Иракта, Ливияда жана Ооганстанда согуш жана кыйроо болуп жатат. Мына ушул жагдайга байланыштуу аймактагы мамлекеттердин альянсы болушу зарыл. Шанхай Кызматташтык Уюму - дал ушундай коопсуздук, экономикалык өнүгүү жагынан чөлкөмдөгү мамлекеттердин кызыкчылыгын бириктирген альянс. «Кытай бул уюм аркылуу өзүнүн «Бир алкак - бир жол» долбоорун өнүктүрүп, сүрөп жатат» дегенге кошулбайм. Себеби, бул Кытайдын демилгеси менен башталган өз алдынча долбоор. Анын сөз болуп жаткан уюм менен эч кандай карама-каршылыгы да жок. Ошондой эле «Кытай бул уюмдагы мамлекеттерге кандайдыр бир үстөмдүк кылганга аракеттенүүдө» деген сөздөр менен да макул эмесмин. Анткени Кытай өнүгүп атат, ошол эле маалда башка мамлекеттердей эле кандайдыр бир кыйынчылыктарга туш болууда. Азыр дүйнөдөгү мамлекеттер бөлүнгөн эки эле топ бар. Биринчиси - Кошмо Штаттар жана анын өнөктөштөрү, экинчиси - Орусия, Кытай жана аларга өнөктөш өлкөлөр. ШКУ өз курамындагы мамлекеттердин ортосундагы пикир келишпестиктерди, талаш-тартыштарды чечүүгө көбүрөөк салым кошот деп ишенебиз. Кыргызстандын бул уюмдагы ролу абдан маанилүү. Менимче шаркеттин ичиндеги бардык мамлекеттер чоң-кичинесине карабай бирдей укукка ээ. Кыргызстан соода, инвестиция, коопсуздук жана башка багыттарда бул уюмдан пайда таба алат жана өзү да анын өнүгүшүнө салым кошот».

2019-2020-жылдары ШКУдагы төрагалык кылуу милдети Орусияга өттү.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG