Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Турсунбек Акун Атамбаев менен «Апрель» каналын сотко берди


Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун экс-президент Алмазбек Атамбаев менен "Апрель" телеканалын сотко берип, "ар намысыма шек келтирди" деген негизде жалпы 120 миң сом өндүрүүнү өтүнүп жатат. Мунун 100 миңин экс-президенттен, 20 миң сомун телеканалдан өндүрүүнү сураган. Бул тууралуу Акун "Азаттыкка" билдирип, аталган телеканалга каршы Бишкектин Октябрь райондук сотуна доо арыз менен кайрылганын, ал эми Атамбаевге карата арыз жакынкы күндөрдө толукталып бериле турганын айтты.

Турсунбек Акун мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 8-июндагы митингде чындыкка дал келбеген сөз айтканын, аны "Апрель" каналы чагылдырганын белгиледи. Атамбаев бул айтылгандарды далилдеши керек деп эсептейт.

Атамбаев менен "Апрель" телеканалы мурдагы акыйкатчынын айткандары тууралуу комментарий бере элек. Экс-президент 8-июнда Бишкекте өткөн митингде Батукаевдин артынан каражат тапкандардын катарында Турсунбек Акун бар деген ишарат кылган.

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаев 2013-жылдын апрелинде Нарын шаардык сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, чартердик каттам менен токтоосуз Чеченстанга учуп кеткен. Соттун чечимине Батукаевдин ак кан илдетине чалдыкканы жана ичер суусу азайып калганы тууралуу дарыгерлердин тыянагы себеп болгону айтылган. Бирок анын жашоосу саналуу экени ырасталган эмес.

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши быйыл жыл башында жанданган. Тергөөнүн алкагында Батукаевге «ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. ЖАМКтын жетекчисинин мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да 26-июнга чейин камалган. 7-июнда ИИМ Атаханов «тергөө менен кызматташуу ниетин билдиргендиктен бөгөт чарасы өзгөртүлгөнүн» маалымдады. Ошол кездеги акыйкатчы Турсунбек Акун да ИИМге сурак берип чыккан.

2013-жылы атайын прокурор болуп иштеп турган Нарын облустук прокурорунун орун басары Майрамбек Акматалиевдин өлкөдөн чыгышына тыюу салынган. Батукаев абактан чыккан кезде Башкы прокуратураны жетектеген экс-депутат Аида Салянова да өткөн аптада кармалып, 26-июнга чейин камалган. (NT)

XS
SM
MD
LG