Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Роухани: Иран өзөктүк келишимдин айрым шарттарын аткарууну токтотот


Ирандын президенти Хасан Роухани.
Ирандын президенти Хасан Роухани.

Эгерде 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимге кол койгон башка мамлекеттер «оң белги» көрсөтпөсө, Иран өзүнүн милдеттерин аткаруудан баш тарта берет.

Бул тууралуу Ирандын президенти Хасан Роухани 15-июнда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним кеңешинин саммитинде билдирди. Роухани Иран кайсы милдеттерин аткаруудан баш тарта турганын, кандай «оң белгилерди» күтүп жатканын тактаган жок. Ал өз өлкөсү «2015-жылдагы өзөктүк келишим боюнча милдеттеринин айрымдарын аткарууну токтотууну чечти» деп айтты.

Быйыл майда Иран АКШнын президенти Дональд Трамптын келишимден чыгуу жана Тегеранга карата кайра санкция киргизүү боюнча чечимине жооп иретинде айрым милдеттерин аткарууну токтоткон.

15-июнда Дүйшөмбүдөгү бир күндүк саммитке Кыргызстандын, Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын президенттери, Пакистандын премьер-министри, Кытайдын төрагасы катышты. Алар 13-14-июнда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) кезектеги саммитине келишкен. Тажикстандагы жыйынга мындан тышкары Азербайжандын, Ооганстандын, Ирактын, Ирандын, Монголиянын, Түркиянын, Египеттин, Израилдин, Түштүк Кореянын жана Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн жетекчилери да келишти.

Бул саммитте АКШ, Украина, Беларус, Жапония, БУУ жана ЕККУ байкоочулук кылды.

Дүйнөнүн алты державасы Иран менен түзгөн анын өзөктүк программасы боюнча келишимден АКШ чыгып кеткенден кийин Тегеран менен Вашингтондун мамилеси курчуй баштаган. Аталган келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектеп, анын ордуна Иранга каршы экономикалык санкциялар алынган. Трамп 2018-жылы майда келишимден чыгып жатканда анын шарттары Ирандын өзөктүк куралын чектебей турганын айтып, Тегеранды «аймактагы согушкерлерди колдойт» деп айыптаган.

Ошол эле учурда Тегеран келишимдин шарттарын аткарып жатканын Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) билдирген.

XS
SM
MD
LG