Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:13

Сот кызматкерлери зордуктаганын айткан келиндин арызы Жогорку сотто каралууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Жогорку сотто Таластагы зордуктоо фактысы боюнча иш каралып жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» жабыркаган тараптын адвокаты кабарлады.

Калия Арабекова аны «алимент алып келдик» деген шылтоо менен чакырган Талас облустук сотунун Илгиз Карымбаев, Алтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев аттуу сот аткаруучулары 2013-жылы 30-декабрда зордукташканын айтып, сотко кайрылган.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча («Топтошуп зордуктоо») жазага тартылып, ар бири сегиз жылдан эркинен ажыратылганы менен камакка алынган эмес.

Арабекова соттолуучулар тиешелүү жазасын алышын талап кылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG