Орусиянын Сахалин облусунда патент менен иштеген мигранттарды жумушка алууга тыюу салынган тармактардын тизмеси кеңейди. Эмгек жана калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча облустук агенттиктин маалыматына ылайык, маселен, ландшафт жасалгалоо, жарандарга иш таап берүү жана жарнама агенттиктерине чет өлкөлүк жарандарды ишке кабыл алууга болбойт.
Былтыр жыл соңунда губернатор Валерий Лимаренко патент менен иштеген мигранттарга билим берүү, азык-түлүк өндүрүү жана башка тармактарга кирүүгө тыюу салган буйрукка кол койгон. Мындай чечим улуттук эмгек рыногун коргоо, жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүү жана Орусиянын жарандардын иш менен камсыз кылуу максатында кабыл алынганы айтылган.
Ушундай эле чечим быйыл жыл башында Якутияда кабыл алынган эле.