Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:20

«Азаттык» резонанстуу иликтөөсүн улантат


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

«Азаттыктын» май айынын соңунда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсү коомчулукта чоң резонанс жаратты.

Анда 700 млн. доллар каражат бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу Кыргызстандан чыгарылып келгени, мындан тышкары ушул эле адамдын атынан Ысмайыл Матраимов атындагы фондго 2,3 млн. доллар каражат чет өлкөдөн кайра которулганы тууралуу маалымат айтылган.

Журналист Али Токтакунов иликтөөдө өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп, айлыкка жашаган бир тууган Матраимовдордун ар кандай кеп-сөз ээрчиткен миллиондук байлыгынын төркүнүн иликтеп, коомчулукка туура жана так маалымат берүү максатын көздөгөн. Программа даярдалып жаткан учурда «Медиаполиси Институтунун» юристтери менен байланышта болуп, алардан укуктук кеңеш алганыбызды да эскерте кетели.

Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:08 0:00

Журналисттик иликтөө коомчулукта талылуу маселени алып чыгып, элди ойготкондо гана максатына жете алат. Ал иликтөөлөрдү башка да ЖМКлар улантып, андан ары казып, коррупцияга байланыштуу шек саналгандардын бетин чогуу-чаран ачып берсе жарашпайбы?

Социалдык тармактагы белгисиз «каармандардын» улам бир тараптын камчысын чаап, албууттанган пикирлери биз издеген акыйкаттыктын изин жашыргысы келген күчтөр бар деген күмөн ойду күчөтүп жатат. Иликтөөнүн өзөгүндөгү ойдон элди алаксытып, тар кызыкчылыкты көздөгөндөрдүн күнүн туудурбай, оолак бололу. Чындык баарыбыз үчүн кымбат жана маанилүү.

Кыргызстанда коррупционерлер, мыйзамсыз акчага туйтунгандар, бажыдан же башка жактан арам байлык топтогондор азбы?

Айына 2,5 миң сом айлык алган жаш дарыгердин, 4 миң сом алган жаш мугалимдин, тыйын санап күн көргөн бей-бечаранын, өмүрүн тобокелге салып акча таап жүргөн мигрант боордоштордун ырыскысын талашкандардын, коррупцияга байланыштуу шек жараткандардын жүзүн ачып, жоопкерчиликке чакырууга болгон аракетибизди жумшайлы.

Биз бул иликтөөдө пайдаланган документтер анык жана алардын түп нускалары (оригиналдары) бар экенин дагы бир ирет кайталагыбыз келет. Ушул тапта бизге тийиштүү мамлекеттик органдар кайрылып жатышат жана алар менен кызматташуу, текшерүү иштерине колдогу документтер аркылуу жардам берүү аракетиндебиз. Иликтөө бир сааттык же бир күндүк иш эмес, ал кылдат текшерүүнү, талдоону талап кылган эмгек. Жарым саатка бардык материалдарды батыруу да мүмкүн эмес, мындан улам калган жагдайларды кийинки иликтөөдө чагылдырып берүүнүн камындабыз. Журналисттер көтөрүп чыккан көрүнүштөрдү андан ары талдап, иликтеп, текшерип чыгып, акты ак, караны кара деп баа берүү милдети расмий укук коргоо органдарында.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG